Нөшөрлөгөн жаандан улам Аксынын бир канча айыл аймактарындагы социалдык обьектилер, көчөлөрдү сел каптады

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан берген маалымат боюнча кырсык бүгүн, 2-майда кечки саат 18:00дөр чамасында райондун Ак-Суу жана Сары-Челек айыл аймактарында орун алган. Анда сел мөндүр аралаш жааган жамгырдан кийин орун алган.
“Кызыл-Туу айылындагы Баатырбек тилкесинде эки сел сайынан суу 10 турак үйдүн короо-жайын каптаган жана Баатырбек тилкесинин Сары-Челек – Кербен автоунаа жолуна кум-шагылдарын агызып жолду бөгөп калган.
Жеринде жол тейлөө ишканасынын жолчулары, Сары-Челек айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү иш алып барууда.
Ушул эле күнү Ак-Суу айыл аймагынын Төө-Басты айылында кокту-колоттордон түшкөн сел болжол менен 1500 метр ички чарбалык жолдун бетин жууп, айрым жерин бузуп кеткен. Жол каттам токтогон эмес. Мындан сырткары 5 турак үйдүн короо жайын каптап өтүп, турак үйлөрүнө кирген эмес. Айылдын 3 социалдык мекемесин сел суулары каптаган”,-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.