Ашкананы класстык бөлмөгө айлантып билим алып жаткан окуучулар: Базар-Коргондо ашар жолу менен курулган билим уя жаңы имаратка муктаж
Райондун Кенеш айыл аймагынын Коткор айылындагы Турдумат Исманов атындагы негизги билим беруучу мектеби 1996-жылы ашар жолу менен курулган. Аталган мектептин директору Космира Абылова билим уянын эскилиги жеткени аз келгенсип, класска окуучулар батпай калганын айтат.
“Биздин мектеп Коткор айылынын Тандоо участкасында жайгашкан, бир кабаттуу үй тибинде салынган бул имарат 30 жыл мурун айыл эли тарабынан ашар ыкмасында салынган. Мында 9-класска чейин гана билим берип келебиз. 115 орунга ылайыкташкан бул жайда учурда 320 окуучу билим алат. Окуучулар батпагандыктан окуучулар бир партада үчтөн отурууга мажбур. Класстык бөлмө жетишпегендигинен улам балдар шашке чай иччү ашкананы да класстык бөлмөгө айлантууга мажбур болдук. Мындай көрүнүш окуучунун билим алуусуна терс таасирин тийгизет. Имарат эскиргендиктен дубалда жаракалар пайда болду”,-дейт мектеп директору Космира Абылова.
Эске салсак, Базар-Коргон районунунда жалпы 67мектеп бар. 2025-жылы 4мектеп жаңыдан курулуп пайдаланууга берилди. Быйылкы жылы дагы 3 билим уянын курулушу жүрүп жатат.













