Жалал-Абад: депутаттар сессияда бир катар маселелерди карады

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИНИН Х ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХIV CЕССИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
Бүгүн, 5-сентябрь күнү, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңеши алгач кеңейтилген жыйынга чогулуп, андан соң кезексиз сессия өткөрүштү.
Ага Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, депутаттар, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова катышты.
Күн тартибине 1 маселе каралды:
1. Жалал-Абад шаарындагы үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдери жөнүндө;
Аталган маселе шаардык кеңештин депутаттары тарабынан талкууланып, Кыргыз Республикасынын "Тынчтык жөнүндө" мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы "Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" №54 Жарлыгына ылайык шаарда иш күндөрү түнкү саат 22:00дөн, таңкы саат 7:00гө чейин, ал эми эс алуу жана майрам күндөрү түнкү саат 22:00дөн, таңкы саат 9:00гө чейин радиокабылдагычтарды, сыналгыларды жана башка үндү кайталап чыгаруучу түзүлүштөрдү жана ызы-чууга жол берген үн күчөтүүчү түзүлүштөрдү, анын ичинде транспорт каражаттарында, соода объектилеринде (дүкөндөрдө, күркөлөрдө, павильондордо) көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларында (түнкү клубдар, караоке, дискотекалар) жана коомдук тамактануучу жайларда үндү жогорулатуучу жабдыктарды колдонууга, музыкалык аспаптарда ойноого, ырдоого, үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үн менен коштолгон башка аракеттерге чектөөлөрдү киргизүү боюнча токтом кабыл алынды.
Белгилей кетсек, "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузгандарга 10 миң сомдон 28 миң сомго чейин айып пул салынат.