БШК: талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли талкууланлы

БШК: талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли талкууланлы

КР БШКда талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү маселелерин талкуулаган жыйын өттү

Бүгүн, 5-сентябрда КР БШКда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жана “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен КР Президенти кол койгон “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР конституциялык мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйынга БШК төрагасынын орун басары Айдана Жупуева, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин илимий-усулдук бөлүмүнүн башчысы Кундуз Мамбетакунова, КР БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин камсыздоо, текшерүү жана маалымат алмашуу механизмдери талкууланды. Ошондой эле талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү маалыматын КР БШК менен онлайн-база, электрондук система аркылуу алмашуу жолдору каралды.

Жолугушууда талапкерлердин саны көп болгондо мамлекеттик тилди билүүнү текшерүү маселелери, адистердин жетиштиги, техникалык ресурстар менен убакыттын камсыздалышы, ошондой эле автоматташтыруу жана стандартташтыруу чаралары (онлайн-тесттер, бөлүштүрүлгөн графиктер, аймактарга чыгуулар) каралды.

“Кыргызтест” тарабынан берилген сертификаттардын аныктыгын жана жарактуулугун текшерүү, аларды жасалмалоодон коргоо жана ачык-айкындуулук механизмдерин камсыздоо маселелери талкууланды. Мындан тышкары, талапкерлер шайлоодо мамлекеттик тилди билүү боюнча тесттен өтпөй калса, кайрадан тапшыра алуу мөөнөтүн аныктоо маселеси сүйлөшүлдү.

Жолугушуунун соңунда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мындан аркы кызматташтыкты улантуу зарылдыгы баса белгиленди.