Жалал-Абадда «Кырдаалдык борбор» ишке киргенден бери кылмыштуулук 30%га кыскарды
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей дубандагы район-шаарларга камералар орнотулгандан бери издөөдө жүргөн 30дан ашык адам кармалды.
«Бүгүнкү күндө биздин облуста «Кырдаалдык борбор» иштеп жатат. Облус боюнча 361 жерге коопсуздук камералары орнотулган, мындан улам ар кандай кылмыш-кырсыктарды камералардан тактап, кылмыштын изин суутпай чара колдонууга мүмкүнчүлүк жаралды. Камералардын арасында 360 градус айланып, одоно мыйзам бузган учурда фиксация кылган, адамды жүзүнөн тааный турган жана издөөдө жүргөн адамдарды аныктай турган камералар бар. Борбор ишке киргенден бери кылмыштуулук азайганы байкалат. Алсак, дубанда 9 айда кылмыштуулук 30%га азайган»,-деди Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Нурбек Алимбаев
Кошумчалай кетсек, мындай «Кырдаалдык борбор» буга чейин Бишкек шаарында жана Ош, Ысык-Көл жана Талас облустарында ишке кирген.
"Акыйкат"