Чаткалда кар көчкүдөн аман калган 8 адамдын үчөөсү бейтапканага жаткырылды

Чаткалда кар көчкүдөн аман калган 8 адамдын үчөөсү бейтапканага жаткырылды

Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Өмүрбек Маматжунус уулунун айтымында ушул тапта алардын абалы туруктуу.

«Баарыбызга белгилүү болгондой Чаткал районунда тоого кетип дайынсыз болуп жаткан 14 адамдын сегизи 16-октябрь күнү аман-эсен табылган. Алар ошол эле күнү Чаткал жалпы дарыгердик практикалык борборуна барып амблатордук жардам алып чыгып кетишкен. Бирок, кечээ 17-октябрь күнү 3 жаран бейтапканага кайрылып, жаткырылган. Аларга үшүк алуунун жеңил түрү деген диагноз коюлган» ,-дейт Ө. Маматжунус уулу.

Эске салсак, 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, Эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жатышкан.

16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган, ал эми калган 6 кишинин кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 20 куткаруучусу тартылган.

"Акыйкат"