Чаткалда кар көчкүдө калган 6 адамдын биринин сөөгү табылды
Мындай маалыматты ӨКМнин басма сөз кызматы таратты. Куткаруучулардын издөө иштеринин натыйжасында саат 12:45ке карата көчкү түшкөн аймактан 1978-ж.т. К.К. аттуу жарандын жансыз денеси табылып, тик учак менен райондун Кумбел тилкесинде уштурулган штабка жеткирилди. Маалым болгондой, ушул тапта кар көчкү алдында калган 5 адамды издөө иштери улантылууда.
"Акыйкат"