Шайлоо-2024: Жергиликтүү Кеңештерге депутаттарды шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Шайлоо-2024: Жергиликтүү Кеңештерге депутаттарды шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

   Кыргыз Республикасында Административдик-аймактык реформага байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылып, жаңы шайлоо дайындоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Ал Жарлыктын негизинде  республиканын бардык шаарларында жана айыл аймактарга жергиликтуу кеңештерге депутаттарды шайлоо ушул жылдын 17-ноябрында өткөрулөт. башка аймактардын катарында Жалал-Абад облусунда да өнөктүк башталып олтурат.

    Борбордук Шайлоо Комиссиясынын Жалал-Абад шаары, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондору боюнча өкүлү Махмуд Маматовдун берген маалыматына караганда  шаарларда саясий партиялар, ал эми айыл аймактарда эл ичинен тандалган талапкерлер ат салышат.  Буга байланыштуу Жалал-Абад шаарында 3 саясий партия, Көк-Жаңак шаарында 3, Базар-Коргон шаарында 9, Кочкор-Ата шаарында 3, Шамалды –Сай шаарында 6, Кара-Көлдө 6, Токтогул шаарында 9, Майлуу-Суу шаарында 3, Таш-Көмүр шаарында 4, Кербен шаарында 5  саясий партиялар катышып жатышат.  Ал эми райондор боюнча алганда Ноокенде 4, Сузакта 8, Базар-Коргондо 4, Аксыда 6, Ала-Бука районунда 4, Чаткалда 2, Токтогул районунда 6, Тогуз-Тородо 3 айыл аймакта шайлоолор өтөт. Бардык шайлоо участкаларында камылгалар жүрүп жатат. Шайлоочулардын тизмеси такталып, илинип жатат. Дагы кошумчалар такталат. Ал эми шаардык кенештерге талапкерлерин сунуштаган саясий партиялар  үгүт иштерин, шайлоочулар менен жолугушууларды уюштуруу, жарнамалык маалыматтарды таркатууну башташты. Айылдык кеңештердин талапкерлери 28-октябрдан мындай аракеттерин башташмакчы.

“Акыйкат”