ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ 1 МЛРД. СОМ ДЕП БЕКТИЛҮҮСҮ ПЛАНДАЛУУДА

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ 1 МЛРД. СОМ ДЕП БЕКТИЛҮҮСҮ ПЛАНДАЛУУДА

Жалал-Абад шаары өткөн 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Өткөн жылдагы республикалык жана жергиликтүү бюждеттен,инвесторлор тарабынан жасалган жумуштардын отчету видео ролик аркылуу көрсөтүлдү.

Калаанын өткөн жылдагы жыйынтыгы төмөндөгүдөй көрсөткүчтү билдирди: Жалал-Абад шаарынын бюджети 2021-жылы 549,1 миллион сом, 2022-жылы 734,6 млн. сом болгон болсо, 2023-жылы 819,4 млн. сомду түзүп, 3 жылда шаардын бюджети 270,3 млн. сомго өстү.

Ал эми 2024-жылга шаар бюджетин 1 миллиард  сом деп бектитүү пландалып жатканын шаар мэри Эрнисбек Ормоков отчет учурунда белгиледи.

Маалымдалгандай Жалал-Абад шаарына 2023-жылы 2млрд. 779,5 млн. сом инвестиция тартылган.

Ошондой эле, 2023-жылы 137 ишкана ачылып, 369 туруктуу жана 540 убактылуу жаңы жумушчу орун түзүлдү.

Жогорудагы маалыматтар айтылган соң шаар мэри 2024-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, облустук өнүктүрүү фонду тарабынан аткарыла турчу жумуштар боюнча маалымат берип, жыйын суроо-жооп иретинде уланды.

Жалал-Абад шаарынын 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынына калаа башчысы менен катар жергиликтүү кеңештин депуттары,мекеме ишканалардын жетекчилери жана тургундар катышты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын 2024-жылга бюджети 1 млрд. сом деп бекитилүү алдында турат.