Көк-Жаңгакта Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорду эскерүү багына ийне жалбырактуу көчөттөр тигилди

Шаар мэри Сыргак Замирбек уулунун айтымында иш чара өлкө башчынын демилгеси менен «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында жана Улуу Ата мекендик согуштун 80 жылдыгына карата уюштурулган.
«Бүгүнкү күнү Көк-Жаңгак шаарындагы мекеме иш-каналардын кызматкерлери менен бирге шаардагы эс алуу багындагы 1941-1945-жылдарда курман болгон аскерлерди эскерүү аянтчасын ирээтке келтирип, ал жерге ийне жалбырактуу 20 түп көчөт отургуздук. Ага удаа эле шаардын имам-хатиби согушта курман болгон ата-бабаларыбыздын рухуна арнап куран окушту»,-дейт мэр С. Замирбек уулу.
Эске салсак, 2022-жылы Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын" алкагында "Жашыл мурас" улуттук кампаниясы башталганын жарыялаган. Анын алкагында өлкөдө жыл сайын миллиондогон көчөттөр эгилип келет.