Токтогулда эко активисттер Чычкан капчыгайындагы жапайы канаттууларга жем чачышты
Мындай маалыматты активист Акыл Гүлжигит уулу билдирди. Анын айтымында ыктыярчылар 5 гектардан ашык аянтка жем чачышкан.
«Биздин бирикме жыл сайын кыш мезгилинде Токтогул районунун аймагында байырлаган жапайы жан-жаныбарларга, канатууларга жем, туздарын камдап чачып келебиз. Бул ирээт ыктыярчылар тобу Чычкан капчыгайындагы жапайы канаттууларга кекилик, кыргоол, чили жана башка канатуулар үчүн өз каражатыбыздан жем сатып алып, чачып келдик. Ар бирибиз бери дегенде 5 гектардай аянка септик. Себеби кыштын күнү кар жаап канатуулар жем таппай ачка набыт болуусунун алдын алдык. Биздин бул демилгени райондогу мекеме ишканалар, демөөрчүлөр да колдоого алып беришти. Аны менен биздин өрөөндө жашаган жапайы тоо кийиктери жана жапайы жаныбарлар үчүн туз коюп чыкканбызю биздин бул демилге февраль айынын аягына чейин улантылмакчы»,-дейт уюштуруучу Акыл Гүлжигит уулу.
Буга чейин аталган бирикменин эко активисттери Чычкан коругундагы кийик, элик жана илбирс сыяктуу жаныбарлардын изинен санак жүргүзүп, аларга аңчылык кылгандар үчүн рейддерди уюштурган болчу.