Чаткалда элдин салымы менен ден-соолугунан майыптыгы бар жаранга турак жай салынды

Чаткалда элдин салымы менен ден-соолугунан майыптыгы бар жаранга турак жай салынды

Саамалык райондун Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Айгыр-Жал айылында болгонун, айыл башчы Каныбек Эргешов билдирди. Анын айтымында төрт баланын атасы Ч. Т ll-топтогу майыптыгы бар болуп, үй салууга каражаты жок болуп келген. 
"Айылдашыбыз көп жылдан бери ден-соолугунан жабыркап, там салууга да дарамети келбей жүргөн. Үйүнүн да эскилиги жеткен экен, эки үйүн бузуп, анын ордуна жаңысын салып бердик. Айыл, эр-журт бар экен каражат чогултуп, айрымдары буюм-тайымдарын алып берип 4 бөлмөлүү толугу менен бүткөрүлүп, тапшырылды",-дейт айыл башчы Каныбек Эргешов.