Жалал-Абад: шаардык кеңештин кезексиз сессиясы өттү (сүрөт баян)

Жалал-Абад: шаардык кеңештин кезексиз сессиясы өттү (сүрөт баян)
Бүгүн, 18-сентябрда Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин Х чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы өттү.
Ага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов баштаган депутаттар, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, аймактык башкармалыктардын башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Анда жалпы 12 маселе күн тартибине киргизилди:
1. Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө;
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасына муниципалдык жер тилкесин убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө;
3. Жалал-Абад шаарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин курамын макулдашуу жөнүндө;
4. “Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө;
5. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлерди сатууга мораторий киргизүү жөнүндө;
6. Ю.Абдурахманов 9б дарегиндеги 2350,0 чарчы метр жер тилкесин Промзона №3и/8 дарегинлеги 1695,0 чарчы метр жер тилкесине алмашуу маселеси;
7. Ж.Бакиев №13Е дарегинлеги 586,80 чарчы метр жер тилкесин Курманбек №4А дарегиндеги 580,0 чарчы метр жер тилкесине алмашуу маселеси;
8. Жалал-Абад шаарынын Лавдан-Кара айылы А.Мадаминов Nº10 дарегинде жайгашкан 1350,0 чарчы метр жер тилкесин өз ыктыяры менен муниципалдык менчикке өткөрүп берүү маселеси;
9. Ю.Абдурахманов Nº6 дарегинен Госрегистрге 4000,0 чарчы метр жер тилкесин бөлүп берүү маселеси;
10. Эгемендүүлүк күнүнө карата демөөрчүлөр тарабынан берилген 5 даана “Changan” үлгүсүндөгү жеңил автоунааларды муниципалдык менчикке кабыл алуу маселеси;
11. 2019-жылы шаардык кеңеш тарабынан алып берилген столбаларды Октябрь РЭСине өткөрүп берүүгө макулдук берүү;
12. Ар түрдүү маселелер.
Сессиянын жүрүшүндө күн тартибине киргизилген маселелер боюнча эл өкүлдөрү тарабынан суроолор берилип, сунуш-пикирлерди эске алуу менен бир добуштан колдоо тапты.