Жалал-Абад: газ менен жүрүүчү автобустар каттамга чыкпай жатат

Жалал-Абад:  газ менен жүрүүчү автобустар каттамга чыкпай жатат

Жалал-Абадда метан газ менен жүрүүчү муниципалдык автобустар 3 күндөн бери каттамга чыкпай жатат. Ага метан куюучу жайдагы техникалык бузулуу себеп болгон. Мунициалдык автобазадан билдиргендей учурда жүргүнчүлөргө 10 даана электробус жана кичи автобустар кызмат көрсөтүүдө.
Автобустар метан куюучу жайда оңдоп-түзөө иштери аягына чыгышы менен каттамга чыгаарын мекемеден кошумчалады. 
Жалал-Абадда метан газ менен жүрүүчү автобустардын каттамга чыкпай калганы утур утур орун алып турат. Адатта кыш мезгилинде газдын басымы азайган учурда каттам үзгүлтүккө учурайт. 
2023-Жылдын 26-октябрында
президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарынын күнүндө  50 автобус тапшырган. Ал автобустар шаар күнүнө карата белек катары берилгенин айткан.
Автобустар газ менен жүрүп, ага 24-34 жүргүнчү батат. Автобустун узундугу 12 метрге чейин жетет.