“Жаңы-арык айылындагы №18 М. Молдалиев атындагы орто мектебинин имаратыны капиталдык ремонттоо” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө 

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы 

Жаңы-Арык айылы                           5-ТОКТОМУ                          28-август  2023-жыл 

“Жаңы-арык айылындагы №18 М. Молдалиев атындагы орто мектебинин имаратыны капиталдык ремонттоо” долбоорун ишке ашыруу

жөнүндө 

            “Жаңы-арык айылындагы №18 М. Молдалиев атындагы орто мектебинин имаратыны капиталдык ремонтто” долбоорун ишке ашыруу максатында айыл өкмөт башчысынын убакылуу милдетин аткаруучу З. Абийбилла уулунун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн убакылуу милдетин аткаруучу З. Абийбилла уулунун Жаңы-арык айылындагы №18 М. Молдалиев атындагы орто мектебинин имаратыны капиталдык ремонтто долбоорун ишке ашыруу жөнүндө маалыматы  эске алынсын жана аталган долбоор артыкчылыктуу деп табылсын. 

2.Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна тапшыруу максатында жалпы сметалык суммасы  9 721 258 (тогуз миллион жети жүз жыйырма бир миң эки жүз элүү сегиз) сомду түзгөн  Жаңы-арык айылындагы №18 М. Молдалиев атындагы орто мектебинин имаратыны капиталдык ремонтто  долбоорунун сметасынын 10% депозиттик салымы үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 972 126 ( тогуз  жүз жетимиш эки миң бир жүз жыйырма алты) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы

Ш.Алыкуловго милдеттендирилсин. 

  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын. 
  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин. 

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы                                            А.К.Кубатбеков