К. Ташиев Манас шаарындагы мектептерге 100 даана интерактивдүү доскаларды тапшырды

Бүгүн, 11-октябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Манас шаарындагы мектептерге 100 даана интерактивдүү доска тапшырды.
Камчыбек Ташиев интерактивдүү досканын окуучуларга чоң пайдасы тиерин айтып, билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
Ошондой эле, Манас шаарында дагы жаңы 10 мектепке муктаждык бар экендигин айтып, жакынкы үч жыл ичинде бул маселени чечүү аракети жолго коюларын да белгиледи.
Кошумчалай кетсек, Манас шаарында жалпы 29 мектеп, 31 бала бакча бар.