АЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ ОЛИМПИАДАЛЫК РЕЗЕРВДИН РЕГИОНДУК МЕКТЕБИ ИШТЕП БАШТАДЫ

АЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ ОЛИМПИАДАЛЫК РЕЗЕРВДИН РЕГИОНДУК МЕКТЕБИ ИШТЕП БАШТАДЫ

Өлкөнүн түштүк аймагында алгачкы ирет ачылган Олимпиадалык резердин регионалдык мектеби ишмердүүлүгүн баштады. Бул туурасында мэриянын маалымат борборунан кабарлады.

Маалымат борбордон билдиргендей Олимпиадалык резервдин регионалдык мектебинде 2 окуу корпусу, 2 жатаканасы жана спорт залдары бар. Мында спорттун олимпиадалык 7 түрү, тагыраагы, бокс, дзюдо, жеңил атлетика, оор атлетика, грек-рим күрөшү, балдар, кыздар эркин күрөшү боюнча окуу-машыгуулар жүргүзүлөт.

 

Бүгүн, жаңы окуу жылынын башталышы менен   Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Спорт департаменти боюнча министрдин орун басары Айбек Абдымомунов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдор аталган мектепке барышып ишмердүүлүгү менен таанышып, билим берүү кызматкерлерин жана окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы жана билим күнү менен куттукташты.

 

Аталган мектеп окуучуларды 8-класстан баштап окута баштайт. Быйыл Кыргызстандын бардык аймактарынан жалпы 100 окуучу кабыл алынды.

"Акыйкат"