Жалал-Абад облусундагы мектептерде 54 педагог жетишсиз

Мындай маалыматты облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айылчы Гулатов ырастады. Белгилүү болгондой муктаждык жаралган мугалимдер так илимдерден сабак берген педагогдор.
«Жаңы окуу жылында дубанда 54 мугалимге муктаждык бар. Алардын сап башында Базар-Коргон району турат, андагы мектептерде 24 мугалим жетпесе. Кийинки орунда Таш-Көмүр шаары, мында 8 мугалим. Ал эми, 3-орунда Сузак району турат, анда 5 мугалимге зарылчылык бар»,-дейт ал.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында 464 мамлекеттик мектеп бар. Аларда 17миң 400дөн ашуун мугалим эмгектенет.