Сузак аймактык бейтапканасынын айланасы ирээтке келтирилүүдө (сүрөт баян)

Сузак аймактык бейтапканасынын айланасы ирээтке келтирилүүдө (сүрөт баян)
Буга чейин ооруканага кирүүчү негизги дарбазанын айланасына жарандар унааларын токтотуп, жол тыгынын жаратып, тез жардам унааларынын кыймылына тоскоолдуктар жаралчу. Ошондуктан бейтапкана администрациясы Сузак райондук мамлекеттик администрациясына жана Сузак айыл аймагынын жетекчилигине кайрылуу каттарын жолдогон. Натыйжада, учурда аталган аймак ирээттелүүдө.
"Бейтапканага кирген негизги жолдун жээгиндеги бир дүкөн жана бир ашкана бузулуп, жолдун эки тарабы 3 метрге кеңейтилди. Мындан тышкары, оорукананын айланасы заманбап тосмо менен курчалып, дарбазасы жаңыланды",-деди башкы дарыгер Акжол Тургунбаев.
Мындан сырткары ал алдыңкы күндөрү курулуш иштери аяктап, жолго асфальт төшөө пландалып жатканын кошумчалады.