2026-жылдын 3-май күнү түнкү саат 00:50 чамасында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Кара-Дарыя айыл аймагына караштуу Чаңгыр-Таш айылында кокту-колоттордон түшкөн сел суулары 42 турак жайдын жана 1 мектептин короосун каптаган.
Белгиленген жерге ыкчам чараларды көрүү максатында Башкармалыктын башчысы, полковник Ч. Шекенов жетектеген ыкчам топ тартылып, жалпы 79 куткаруучу, 6 мотопомпа, ошондой эле Жарандык коргонуу кызматтарынан 149 кызматкер жумушка тартылды.
Жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин натыйжасында саат 13:00гө карата аймак толук тазаланып, абал турукташтырылды.
Мындан сырткары, санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, ички жолдор калыбына келтирилди.