Манас шаарында жол эрежесин бузуп скутер айдаган 24 кишиге айып пулдар салынды
Манас шаарында жол эрежесин бузган мото, скутер айдаган 24 кишиге айып пулдар салынды. Мындай маалыматты Манас шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо болүмүнүн башчысы Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Маалым болгондой, ушул тапта облус аймагында 1 айга созулган «Мотоцикл» аталышындагы рейд жүрүп жатат.
«30-марттан 30-апрелге чейин Жалал-Абад облусунун аймагында рейд жүрүп жатат. Анын алкагында жол эрежесин бузган мото айдоочулар, скутерди мыйзамсыз башкарып жүргөндөр жана ага кошумча жабдууларды орнотуп алып элдин тынчын алган 24 айдоочу аныкталып, Укук бузуулар кодексинин 190- беренесинин (жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу) негизинде айып
пулдарды салып, мотолорду айып короо жайына алып кирдик. Аны менен катар 20дан ашык кишиге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», - деди ал.
Быйыл жыл башынан бери калаада скутерлер, мотолордун катышуусундагы 2 жол кырсык орун алган. Анда жаракат алгандар амблатордук жардам алып чыгып кетишкен.