34 жаштагы Нурсултан Маматалиев “Арстанбап-Ата” турпансионатын жетектейт

34 жаштагы Нурсултан Маматалиев “Арстанбап-Ата” турпансионатын жетектейт

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев кол койду. Жаңыдан дайындалган жетекчини бүгүн 19-майда  «Жалал-Абад» санаториясынын жетекчисинин орун басары Оморбек Курманкулов эмгек жамаатка тааныштырды. Буга чейин аталган туристтик жайды Саринжи Мамбеталиев жетектеп келген, ал өз арызынын негизинде жумуштан бошотулган.

Сөз болуп жаткан туристтик жайга былтыркы сезондо 10 миңге чукул эс алуучу келген. Алардын басымдуусу ички туристтер, Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Европпа өлкөлөрүнөн келген эс алуучулар.

2025-жылы мекеменин бюджетине эс алуучулар жана андагы кызмат көрсөтүүлөрдөн 12,5 млн сом каражат түшкөн. 2024-жылы бул сумма 8 млн 900 миң сомду түзгөн болчу. Ал эми, аталган туристтик жайга мамлекет тарабынан курулган А-фрейм үйлөргө быйыл жыл башынан бери келген эс алуучулардан 1 млн 300 миң сомдой акча каражаты чогултулган.  

Резюме:

Аты-жөнү: Маматалиев Нурсултан Абдилманапович

Туулган күнү: 22.12.1992-ж.

Туулган жери: Ош облусу, Ош шаары

Улуту: кыргыз

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү

Билими: Жогорку билим (2010–2016-жж.)

Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы (КМЮА)

Факультети: Башкаруу жана укук

Адистиги: Бажы иши

Иш тажрыйбасы

2018–2021 — Түштүк-Батыш бажысы

2024–2026 — «Арстанбап» пансионатынын директору