Жалал-Абадда баңгизат сатууга шектелген чет элдик жаран кармалды
Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, облустук милиция тарабынан жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө 1974-жылы туулган Турция мамлекетинин К. М. аттуу жараны 1,66 грамм “гашиш” баңгизатын 5 миң сомго сатып өткөргөн учурда кармалган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүгө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү менен айып тагылды.
Соттун чечими менен ал, 2026-жылдын 14-июнуна чейин камакка алынды.
Ошондой эле анын Өзбекстанда эл аралык издөөдө жүргөнү жана Кыргызстанга чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү боюнча маалыматтар текшерилүүдө.
Учурда тергөө иштери уланууда.