Манастагы батирден 72 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Манастагы батирден 72 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Окуя калаанын Спутник кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 12-майда орун алганын жашоочулар ырастады. Маалым болгондой, 1954-жылы туулган эркек киши өзү жалгыз жашап, каза болгонун эч ким билбей өзү жашаган батирде 1 аптадай жатып калган. Жашоочулар милиция чакырып, үйгө киргенде маркумдун жансыз денесин көрүшкөн. Ушул тапта ага карата соттук медициналык экспертиза дайындалып, сөөк облустук бейтапкананын мейитканасында экенин, ооруукананын жетекчилиги ырастады.
Атын атагысы келбеген жашоочулардын бири маркумдун жалгыз кызы бар экенин, ал да чет өлкөдө жашаарын айтты.
Бул окуя боюнча облустук милициянын басма сөз кызматына кайрылып маалымат ала алган жокпуз.