Кара-Дарыя айылында күн панелинин жардамы менен таза суу чыгарылууда
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл аймагындагы Арал айылынын Майда Мундуз участогунда ишке ашкан таза суу долбоорунун ачылыш аземине катышты.
Долбоор 2025-жылдын июль айында башталып, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Ага жалпы 6 миллион 833 миң сом каражат жумшалып, натыйжада 300 кожолук таза суу менен камсыз болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Тилек Текебаев аталган долбоор “жашыл энергияны” колдонуу менен таза суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун артыкчылыктуу үлгүсү экенин белгиледи. Анын айтымында, күн панелдеринин жардамы менен суу чыгаруу — экологиялык жактан таза, заманбап жана туруктуу чечим болуп саналат.
Ошондой эле облус башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусу боюнча 32 айыл жана 3 шаарда таза суу долбоорлору ишке ашырылып жатат. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгында алардын ичинен 5 айылда иштер толугу менен аяктап, элдин колдонуусуна берилген.




