Сузакта жаңы аэропорттун курулушу: Учурда кандай иштер аткарылганы айтылды

Сузакта жаңы аэропорттун курулушу: Учурда кандай иштер аткарылганы айтылды

Багышта курулуп жаткан “Жалал-Абад Эл аралык аэропортунун” учуп-конуу тилкесинде асфальт төшөөгө чейинки иштери 80%га аткарылган. Мындай маалыматты Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уларбек Исмаилов курлуш иштери менен таанышканы барганда айтты.

“Жалал-Абад Эл аралык аэропортунун курулушу өз нугунда жүрүп жатат. Азыркы тапта аба майдандын учуп-конуу тилкесинин асфальтка чейинки жер иштери 80%га аяктады. Ушул тапта мында 150 жумушта 70 атайын оор техника иштеп жатат. Ал эми Аэровокзалдын бетон жумуштары 90%,  дубал иштери 30%га аяктап калды, мында да 100дөн ашык киши иштеп жатат. Куруучулар жумуштар өз убактысында аягына чыгаарын айтып жатыша”-,деди У. Исмаилов.

Кошумчалай кетсек, сөз болуп жаткан аба майдан үчүн Сузак районунун  Багыш айыл аймагынан 381 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген.  Долбоордун буюртмачысы — «Кыргызстан аэропорттору» ААК, ал эми башкы подрядчысы — Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы.

«Аэродром бөлүгүн “Кыргыздортранспроект” мамлекеттик ишканасы, ал эми

аэровокзалдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти ишке ашырууда.

Маалым болгондой, саатына 350 адамды кабыл ала турган 3 кабаттуу аэровокзал курулуп жатат. Узундугу 3 чакырым 800 метр, туурасы 60 метр болгон учуп-конуу тилкесинде асфальт төшөөгө чейинки иштер жүрүүдө.

Жаңы аэропорт 4E категориясына кирет. Бул Boeing 737, Airbus A320 жана Airbus A321 сыяктуу ири учактарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.