Ноокенде көчөт тигүү акциясы өттү
Облус башчысы Тилек Текебаев Ноокен районундагы көчөт тигүү акциясына катышты
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Кең-Сай участогунда өткөн көчөт тигүү акциясына катышты.
Иш-чара президенттин "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында уюштурулуп, айлана-чөйрөнү коргоо, жердин деградациясын азайтуу жана жашыл аянттарды көбөйтүү максатында уюштурулган.
Долбоордун негизинде Кең-Сай участогунан 300 гектар жер бөлүнүп, анын 175 гектары өздөштүрүлүп, 94 аз камсыз болгон үй-бүлөгө берилген. Бул жерлерге акыркы жылдары жалпы 50 миңден ашуун көчөт отургузулган. Учурда калган 125 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп, республикалык бюджеттин эсебинен 6 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.
Иш-чарада облус башчысы Тилек Текебаев көчөт тигүүнүн маанисин белгилеп, жарандарды айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырды. Ошондой эле отургузулган көчөттөрдү багып-өстүрүү жана аларды сактоо ар бир жарандын жоопкерчилиги экенин белгиледи.








