Облус жетекчиси Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоо жумуштары менен таанышты

Облус жетекчиси  Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоо жумуштары менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев “Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомун модернизациялоо жумуштары менен таанышты.

Буга чейин заводду заман талабына ылайык модернизациялоо боюнча 1 млрд сом бюджеттик кредит бөлүнгөн. Ага мекеменин ишин жандантуу менен бүтүндөй республиканы светодиоддук лампалар жана керектөөчүлөрдү сапаттуу айнек идиштери менен камсыздоо планы коюлган.
 
Азыркы учурда каражаттын акыркы этабы бөлүнүп, айнек идиштерин чыгаруучу жаңы мештер жана атайын техникалар алынып, орнотуу жумуштары жүрүүдө.

Облус башчысы Тилек Текебаев, бөлүнгөн каражатты даректүү пайдалануу менен сапаттуу, ошол эле учурда жумуштарды өз мөөнөтүндө бүткөрүү зарылдыгын эскертти.

Ыйгарым укуктуу өкүл завод жетекчилигин натыйжалуу иштөөгө чакырып, маалым болгон бир катар кемчиликтерди белгиледи. Ага катар өндүрүштүк мекеменин мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу, заводдун ички инфраструктурасын жакшыртуу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, Майлуу-Суу лампа заводу 1967-жылы алгачкы өндүрүмүн чыгара баштаган. Азыркы учурда мында 1250 адам иштеп, 20дан ашуун лампанын түрлөрү чыгарылууда. Өндүрүштүн кубаттуулугу айына 4,5 млн лампаны түзөт.