Жалал-Абад шаарына кирген негизги көчөгө 15 млн сомго тротуар салынышы мүмкүн

Жалал-Абад шаарына кирген негизги көчөгө 15 млн сомго тротуар салынышы мүмкүн

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиргендей ушул тапта курулуштун долбоору даярдалып, экспертизага жөнөтүлгөн. Буга чейин, сөз болуп жаткан Курманбек-Баатыр көчөсүндө жөө адамдар басчу жолчо болгон эмес. Мындан улам жергиликтүү жашоочуларга кыйынчылык жаралып келген.

«Бишкек-Ош унаа жолунун жээгиндеги «Курманбек кылымдар мурасы» аркасынан шаардын Т. Байзаков проспектисине чейинки аралыгы жалпы 3,5 чакырым экен. Азыркы тапта ал аралыкка жөө адамдар басчу жолчо куруу үчүн долбоор даярдалып, экспертизага берилген. Анда тротуар жолдун эки четин басылып, анын кеңдиги 2 метр болоору пландалып жатат. Алгачкы эсептөөлөр боюнча долбоордун наркы 14,5 же 15 млн сом болоору болжолдонууда. Алдыңкы күндөрү курулушка тендер жарыяланышы мүмкүн»,-деп айтылат калаа бийлиги берген маалыматта.