Манас шаарындагы темир жол менен кесилишкен автожолдор убактынчалуу жабык болот
Мындай маалыматты шаардык мэриядан кабарлашты. Мындай чара «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясынын Түштүк бөлүмү тарабынан Жалал-Абад – Көк-Жаңгак темир жолунун 406-чакырымынан 421-чакырымына чейинки бөлүгүндө темир жолду демонтаждоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынган.
“Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругуна ылайык, 19-январдан тарта Манас шаарынын аймагында төмөнкү көчөлөрдө темир жол менен кесилиштеги автоунаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Алар:
Ж. Бакиев көчөсү
Д. Малашев көчөсү
Б. Ботокараев көчөсү
Пушкин көчөсү
Көчөлөр кезек-кезеги менен жабылып, кыймыл убактылуу башка багыттарга багытталат.
Демонтаждоо иштери графикке ылайык жүргүзүлүп, 2026-жылдын 1-февралында толук аяктоосу күтүлүүдө.
Эске салсак, буга чейин демонтаждалган темир жолдун ордуна төрт тилкелүү автомобиль жолу курулаары кабарланган.