Жалал-Абадда МИКтин адистери “Топтомо ипотека” аркылуу кантип турак үй алса болоорун түшүндүрдү

Жалал-Абадда  МИКтин адистери “Топтомо ипотека” аркылуу кантип турак үй алса болоорун түшүндүрдү

Мамлекеттик Ипотека Компаниясынын өкүлү Жылдыз Бекбаева Жалал-Абад шаарына келди.  Анда 18-ноябрь Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыка ылайык күчүнө кирген “Топтомо ипотека” аркылуу кантип ипотека алса болоору тууралуу кенен маалымат берди.  
 Жаңы жарлыкка ылайык, мындан ары Мамлекеттик ипотека компаниясы менен “Элдик Банк” биргелешип “Топтомо ипотека” аркылуу жарандардын үй алуусу бир топ жеңил болоорун кошумчалады.  
   
Мамлекеттик ипотека алууну каалаган жарандар алгач Ипотекалык компаниянын расмий сайтына кирип өтүнмө берет, өтүнмөсү жактырылгандан кийин “Элдик Банкка” барып, ал жерден депозит эсеп ачат. Турак жайдын баасынын 30%ын чогултса, банк 20% каржылап берет. Үйдүн наркынын калган 50% бөлүгүн Мамлекеттик ипотекалык компания жылдык 8% үстөгү менен 15 жылга каржылайт. 
Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан өлкө боюнча 40 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат. Анын ичинен 20 миңден ашуун батир Бишкек шаарында, калган 20 миңден ашууну аймактарда курулууда. Жылдыз Бекбаеванын айтымында МИК 2030-жылга чейин 40 миңден ашуун үй-бүлөнү турак жайлуу кылууну көздөп жатат.