“Улуттук тазалык күнү”  массалык түрдө катышуучулар менен өттү

“Улуттук тазалык күнү”  массалык түрдө катышуучулар менен өттү

Бүгүн, 2-апрель Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар аралыгында тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында  Жалал-Абад облусунун аймактарында “Улуттук тазалык күнүнө” карата массалык ишембилик уюштурулду.

Тазалык күнүнө арналган массалык иш чарага облус башчы Абсаттар Сыргабаев баштаган миңден ашуун облустук жана шаардагы мекеме-ишканалардын жамааттары катышты.

Улуттук тазалык күнүнүн катышуучулары калаанын борбордук аянтынан Аюб-Тоо боорундагы Курманбек фольклордук талаасына чейин жөө жүрүштөн өттү.

Аталган жайда облус башчысы сөз сүйлөп, иш-чара президенттин “Улуттук тазалык тазалык күнүнө карата аталган иш чара уюштурулганын белгиледи.

Аны менен бирге жарандарды жашап турган айлана-чөйрөсүнүн тазалыгын сактоо, көрктөндүрүү, жаратылышты коргоого салым кошууга чакырды. Ыйгарым укуктуу өкүл абаттоо өнөктүгү бул менен гана чектелбей, жыл сайын Жалал-Абад облусунда көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жарыяланып келээрин кошумчалады.

Тазалык күнүн катышуучулары Курманбек фольклордук талаасы, Жалал-Абад стелласы, Курорт аймагына чыгуучу жол жээктерин тазалоо жумуштарын жасашты.

"Акыйкат"