Аталган объекттер коммерциялык максаттарда — медициналык борборлор, дарыкана пункттары, тез тамактануу түйүндөрү жана иштин башка түрлөрү үчүн пайдаланылган.
УКМК КР Президентинин 1995 жылдын 16-февралында №37 жарлыгына ылайык Социалдык инфраструктура объектилери жеке менчикке берилбей тургандыгын эскертти. Ошондой эле КР Жер кодексинин 44-беренесине ылайык Имараттар жана курулуштар аларга бекитилип берилген жер участогуна укуктан ажыратылгыс экендиги белгиленет. Мыйзамсыз ээликтен ажыратуу жана объекттерди узак мөөнөттүү ижара шартында пайдалануу мезгилинде бюджетке ижара төлөмдөрү олуттуу төмөндөтүлгөн, бул мамлекеттин финансылык жоготууларына алып келген. Мүлк мамлекетке кайтарылгандан кийин ижара шарттары кайра каралып чыгып, ижара төлөмдөрүнүн өлчөмү эки эсеге өстү, бул бюджетке түшүүлөрдүн көбөйүшүн камсыздады.
Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча бардык имараттар жана жер участоктору мамлекеттин менчигине кайтарылды.