Жалал-Абадда баңгизатын сатып жүргөн кылмыштуу топ кармалды
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан 20-ноябрь күнү Сузак районунун аймагында А аттуу жаран баңгизатын мыйзамсыз сактап, таркатып жүргөндүгү боюнча ыкчам маалыматтар алынган.
Аталган маалымат Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш аракеттеринин негизинде, кылмышка шектүү катары Сузак районунун алты тургуну кармалган.
Ал эми кармоо учурунда жалпы салмагы 138 грамм гашиш баңгизаты аныкталып, анын 1граммын 2000 (эки миң ) сомго баалап сатып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Кылмышка шектүүлөр Сузак районунун тургуну 2001-ж.т. И.Б. буга чейин соттолуп, 2021-жылы пробация менен бошотулган. 1969-ж.т. Э.С. "Дракон" каймана аты менен таанымал буга чейин 2002-жылы каракчылык фактысы менен соттолгон. Ал эми 1999-ж.т. А.уулу Ж.,1994-ж.т. Б.уулу Н., 1997-ж.т. К.Ш., 1978-ж.т. Ж.Т. кармалып Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.