Жалал-Абад: Калаада жаңыланган эки көчө ачылды
Бүгүн, 29-август күнү, реконструкциялоодон өткөн Жалал-Абад шаарындагы Розы Азимов жана Султан Ибраимов көчөлөрү ачылды.
Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоко, аксакалдар жана калаа тургундары катышты.
Аталган жолдор Жалал-Абад шаарынын ички көчөлөрү болуп саналат. Алар кеңейтилип, жаңыдан асфальт төшөлүп, жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштери аткарылган. Учурда Азимов көчөсүн асфальттоо иштери аяктап, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки четине тротуар куруу иштери улантылууда.
Ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу аракеттери мындан ары да улантыларын кошумчалады.
Жаңыланган жолдор республикалык бюджеттен каржыланган. Белгилей кетсек Розы Азимов көчөсүнүн узундугу 2737 метрди, туурасы 14 метрди түзөт. Учурда жолдун асфальты толук аяктаган. Ал эми алдыда тротуар, жарыктандыруу жана темир-бетон арык куурларын жаткыруу жумуштары жасалат. Ал эми Султан Ибраимов көчөсүнүн узундугу 1151 метрди түзөт.
Эске салсак өткөн жылы да Жалал-Абад шаарында бир канча негизги көчөлөр реконструкцияланган.