Кочкор-Атада нефтичилердин майрамы белгиленип, “Кыргызнефтегаз” ААК өндүрүштөгү ийгиликтерин жарыялады

Кочкор-Атада нефтичилердин майрамы белгиленип, “Кыргызнефтегаз” ААК өндүрүштөгү ийгиликтерин жарыялады

2025-жылдын сентябр айынын биринчи жекшембисинде, Кочкор-Ата шаарында нефтичилердин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди. Майрамдык иш-чара шаардагы “Нефтчи” аренасында өтүп, ага “Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мекеменин жетекчиси кара май казып алуу тармагында талыкпай эмгектенип жаткан кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, өндүрүш жаатындагы акыркы жетишкендиктер менен бөлүштү.

«Акыркы жылдары биз ири долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Эгер курулуштар аягына чыкса, киреше эселеп көбөйүп, жаңы жумуш орундар түзүлөт. Бул – өнүгүүгө карай чоң кадам», – деди Н.Нишанов өз кайрылуусунда.

Салтанат концерттик программа менен улантылып, кыргыз эстрадасынын белгилүү аткаруучулары майрамдык маанай тартуулашты. Сентябрдын биринчи жекшембисин нефтичилер күнү катары белгилөө Кочкор-Ата шаарында салтка айланган.

Өндүрүш пландары ашыкча аткарылды

“Кыргызнефтегаз” ААК 2025-жылдын алгачкы 6 айы ичинде өндүрүш жаатында бир катар ийгиликтерге жетишти:

Нефть өндүрүү боюнча план 82 миң 982 тоннаны түзсө, иш жүзүндө 82 миң 992 тонна чийки нефть өндүрүлгөн;

Жаратылыш газы — план 12 млн 890 миң куб метр, ал эми иш жүзүндө 13 млн  700 миң куб метр өндүрүлдү;

Бургулоо иштеринде 28 810 погоно метр пландалса, 31 599 погоно метр аткарылды.

Мындан сырткары, мекеменин ушул жылдын 7 айына карата таза кирешеси да өсүш менен катталды. План боюнча 1 млрд 265,6 млн сом каралса, иш жүзүндө 1 млрд 423,1 млн сом таза киреше түшкөн.

Завод модернизациясы: Борбор Азияда аналогсуз долбоор

Учурда ишкана тарабынан ишке ашырылып жаткан ири долбоорлордун бири — Жалал-Абад шаарындагы “Кыргыз Петролеум Компани” мунайды кайра иштетүүчү заводу. Бул ишкана толук модернизацияланып, дүйнөлүк стандарттарга жооп берген күйүүчү майларды өндүрүүгө багытталган.

Долбоорду америкалык SPEC ENGINEERING INC компаниясы ишке ашырууда. Завод жогорку автоматташтырылган башкаруу системалары жана инновациялык технологиялар менен жабдылат. Модернизация иштери 2027-жылдын аягына чейин аякташы пландалууда.

Инвестиция көлөмү – 409,9 млн АКШ доллары

Заводду жаңылоого жалпысынан 409 923 871,19 АКШ доллары каралууда:

200 млн доллар — SPEC ENGINEERING INC тарабынан;

109 923 871,19 доллар — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан;

100 млн доллар — “Кыргызнефтегаз” ААК тарабынан бөлүнгөн.

Модернизациядан кийин ишкана К-4 жана К-5 экологиялык класстагы АИ-92, АИ-95 маркасындагы бензин жана дизель майларын өндүрө баштайт. Бүгүнкү күндө завод АИ-80 бензини, дизель жана мазут өндүрүп, жылына 500 миң тонна чийки зат иштетүү кубаттуулугуна ээ. Заводдо 220дан ашуун кызматкер эмгектенет.
Кошумчалай кетсек, “Кыргызнефтегаз” ААК – Кыргызстандагы эң ири мунай-газ компанияларынын бири болуп саналат. Компания мунай казып алуу, кайра иштетүү жана сатууну камтыган толук циклде иш алып барат.