Жалал-Абадда жеңил авто унаа чыгаруучу завод куруу пландалууда
Жалал-Абад облусунда жүк ташуучу электр мотоциклдерин, жеңил жүк ташуучу унааларды, насосторду жана клапандарды чогултуучу завод куруу аракети көрүлүүдө. Мындай маалымат Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Маалым болгондой бул багыттагы инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кытайдагы “Shaanxi Qing Ju New Energy Tech Co, Ltd.” жана “Shaanxi Zhichao Industrial Development Investment Management Co., Ltd” компанияларынын ортосунда үч тараптуу меморандум түздү. Долбоордун алдын ала болжолдуу наркы 4 миллион АКШ долларын түзөт.
Ыйгарым укуктуу өкүл белгилегендей бул аракет Жалал-Абад облусунун экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү менен инвесторлорду колдоо багытында ишке ашырылып жатат.