КАРООСУЗ КАЛГАН ЖАЙГА ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
Аксы районундагы Сары-Челек айыл аймагынын Байгашка-Терек айылында эски имарат кароосуз калган эле. Айыл өкмөтү менен депутаттар бул жайды колго алып, райондук өнүктүрүү фондусуна долбоор жазып, андан 1 миллион 700 миң сом каражат бөлдүрүшүп, аталган жайды оңдоодон өткөрүп, ишке киргизди.
Жаңыланган жайга 580 миң сомго тигүү машиналарын сатып келип эми чакан цех ачылды жана анда 4 адам жумуш менен камсыз болуп адегенде эле айыл тургундары буйрутмаларды бере башташты. Имараттын электрдик монтаждоо иштерине айыл өкмөтү жергиликтүу бюджеттин эсебинен 30 миң сом каржат бөлүп бардык шартын түзүп берди. Мындай иштердин аткарылышына айылдын тургуну Нурмырза Абдрамановдун аракети жана колдоосу үчүн айыл тургундары ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
Эми бул имаратта ФАП жана айылдык чакан китепкана да иштей баштады. Башкача айтканда чалдыбары чыккан эски имарат эми айылдын маданий борборуна айланып калды.
Абдымомун Калбаев, “Акыйкат”