Тилек Текебаев Жалал-Абадда кесипке багытталган кыска мөөнөттүү окуу курстарын ачууну тапшырды

Тилек Текебаев Жалал-Абадда кесипке багытталган кыска мөөнөттүү окуу курстарын ачууну тапшырды

Бул багытта Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, облустун 2024-жылдагы жыйынтыгы, 2025-жылга карата пландарын караган коллегияда айтты.

Ыйгарым укуктуу өкүл облустун социалдык-экономикалык, турсттик потенциалын жогорулатуу үчүн “Бекмамат Осмонов” атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Сузак районундагы №36 кесиптик лиейинин базасында кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштурууну тапшырды. 

Өкүл облуста курулушу башталган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, 2025-жылы "Жалал-Абад эл аралык аэропортунун" курулушу башталаарын эске салып, алдыдагы убакытта аймакта бул багытта иш алып баруучу адистерге болгон муктаждык жаралаарын белгиледи. Ага катар ширетүүчү, келген туристтерге жана элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүүчү адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурууну эскертти.