Ноокенде текстиль курулат

Ноокенде текстиль курулат

Ноокен районунда ири текстиль фабрикасынын курулушу башталат

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Арал айылында инвесторлор тарабынан ири текстиль фабрикасы курулат. Инвесторлор Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев менен жолугушту. Анда Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, коңшу Өзбекстан Республикасынын Наманган облусундагы "Art Soft Holding" жана "SASSA GROUP" компанияларынын ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлду.

“Долбоорго ылайык фабриканын курулушу ушул жылдын декабрь айында башталып, 2024-жылдын соңуна чейин аяктоо пландалган. Ага жергиликтүү бийлик тарабынан 20 гектар жер аянты ажыратылып берилген. Курулуштун жалпы наркы 31 млн АКШ долларын түзүп, миңден ашуун жумуш орундарын түзүү пландалууда. Текстиль фабрикадасында пахтадан кездеме жана даяр продукция өндүрүүгө чейинки шарттар түзүлмөкчү.

Жолугушуунун алкагында Жалал-Абад облусунда дагы бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү” – деп айтылат облус башчынын басма сөз кызматынын маалыматында.

                                                                                                                        

"Акыйкат"