Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз”ААКнын акыркы 3 жыл аралыгында аткарган жумуштары
Мобилдик бургулоочу ири станок.
Бүгүнкү күндө «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому өлкөдөгү мунай жана газ өндүрүү боюнча эң ири ишкана болуп саналат. Мекеме акыркы 3 жыл аралыгында ишкананын негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жогорку деңгээлин камсыздай алган.
“Кыргызнефтегаз” Ачык акционердик коому өз каражатынын эсебинен ZJ-40 атылышындагы кубаттуу стационардык бургулоочу агрегатын 384 602 138 сомго сатып алды. Жаңы бургулоочу ири станок Кытай мамлекетинен алынган. Аталган компания үчүн бул чоң жетишкендик. Башкача айтканда Мунай өндүрүүдө аталган техниканын орду чоң. Ал техника менен учурда Кочкор-Ата шаарынын тоолуу аймагында бургулоо иши жүрүүдө. Усталардын айтымында жаңы алынган ZJ-40 аталышындагы жаңы ири техника муруңкуларга караганда алда канча оңой жана убакытты үнөмдөйт. Башкача айтканда бургулоо ишинде 3 күндүн ичинде 900 метрдей тереңдикке жетишти. Мурда бул аралыкта мынчалык тездик менен бургулоо болгон эмес. Ал эми учурдагы геологиялык долбоор менен изилденип жаткан бургулоочу долбоор 2090 метрди түзөт.
Ошондой эле мындан сырткары “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому өткөн жылы да кубаттуу бургулоочу жаңы техниканы ишке киргизген. Россиянын “Автократ” ишканасы "Барс-140" аталышындагы жүк көтөрүмдүүлүгү 140 тоннага барабар болгон мунай скважиналарын бургулоочу агрегатын ишкананын буюртмасы менен жасаган болчу. Жалпылап алганда “Кыргызнефтегазга” тиешелүү ZJ-15 - 1 даана, ZJ-40- 2 даана, Барс- 140- 1 даана, Бу-75Бр Э- 1 даана жана Уралмаш 4Э -2 даана болуп 7 бригадалык топ бургулоо ишин жүргүзөт.
Аталган ачык акционердик коомунун технологиялык траспорт башкармалыгынын башчысы Мунарбек Султановдун айтымында мекемеде жалпы 7 бөлүктөн турган авто техникалык бөлүмдөрү бар. Анын ичинде 5 авто транспорттук топ,1 трактордук жана техникаларды оңдоочу устаканасы бар.
Техникалардын жалпы саны 332 даана авто техника бар.Анын ичинен 292 даана автомобилдик, 40 даанасы трактордук техника. Бөлүмдө жалпы алты жүгө жакын кызматкер эмгектенет. Адистер билдиргендей 2021-жылдан бери 90 жаңы техника алынды. Аны менен катар жумушчулардын иштөөсүнө да тийиштүү шарттар түзүлгөн. Ал эми 2022-жылдан баштап мекемедеги бардык техникаларга аралыктан көзөмөлдөп туруучу аппараттар (ЖПС)жайгаштырылган.
"Акыйкат"