ЖАРЫЯ

ЖАРЫЯ
Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына  ылайык мурдагы 1-Май айыл аймагы өзүнүн тарыхый аталышына Айры-Там айыл аймагына ээ болгондугуна жана мындан ары Айры-Там айыл аймагы деп аталгандыгына байланыштуу өзүнүн логотибин жана желегин иштеп чыгуу үчүн өнөр адамдарынын арасында конкурс өткөрүү үчүн конкурс жарыялайт.

Айры-Там айыл аймагынын логотибин жана желегин тандап алуу боюнча конкурстун

ЖОБОсу

 Конкурстун шарттары.

1.1. Конкурс катышууну каалаган баардык жарандар арасында өткөрүлөт.

1.2. Конкурсанттар Айры-Там айыл аймагынын логотибинин жана желегинин долбоорлорун А4 форматында жана электрондук форматта көнкурстук комиссияга жөнөтүшөт.

  1. 3. Конкурстун мөөнөтүнөн кийин келген долбоорлор кабыл алынбайт. 
  1. Конкурстун максаты

2.1.Конкурс жаңы уюшулган Айры-Там айыл аймагынын логотибин жана желегин тандап алуу максатында уюштурулат 

3.Конкурстук комиссия

3.1. Конкурстук комиссия айыл Өкмөтүнүн тескемеси менен түзүлөт жана курамына айыл аймагынын ардагерлери, өнөр адамдары, мугалимдер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирет.

3.2. Конкурстук комиссия баардык сунуштарды карап чыгып,  татыктуусун тандап алат жана бекитүү үчүн Айылдык Кеңешинин сессиясына сунуштайт 

  1. Конкурстун мөөнөтү

4.1. Конкурска сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 2024-жылдын 15-апрелинен 25- апрелине саат 17-00гө чейин жүргүзүлөт.

4.2. Конкурстук комиссия сунуштарды 2024-жылдын 26- апрелинен 29-апрелине чейин карап,  тандап алуу боюнча чечим кабыл алышат жана Протоколун тийиштүү документтер менен кошо Айылдык Кеңешине өткөрүп беришет 

  1. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо

5.1. Конкурстун жеңүүчүлөрү төмөнкүдөй сыйлыктар менен сыйланат:

1-орун. 30 миң сом жана диплом.

2-орун. 20 мин сом жана диплом

3-орун 10 мин сом жана диплом.

Мындан сырткары, кызыктыруучу сыйлыктар каралат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо фонду демөөрчүлөр жана жергиликтүү бюджеттен каржыланат 

Конкурска катышуучулар төмөнкүдөй документтерди даярдашы зарыл:

-Өздүгүн аныктаган документи

-Эскизи, долбоору

-1 барактан ашпаган чечмелениши Ворд вариантта,12 щрифт менен.