“Кызыл-Кыя айылындагы  Майлуу-Суу дарыясынын үстүнөн өткөн кооптуу абалда турган көпүрөнү ремонттого акча каражатын карап берүү жөнүндө” 

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII чакырылышынын  кезексиз XXVI сессиясы

   Жаңы-Арык айылы                       13 Т О К Т О М У                     7-февраль  2024-жыл 

“Кызыл-Кыя айылындагы  Майлуу-Суу дарыясынын үстүнөн өткөн кооптуу абалда турган көпүрөнү ремонттого акча каражатын карап берүү жөнүндө” 

Кызыл-Кыя айылындагы Майлуу-Суу дарыясынын үстүнөн өткөн  көпүрө авариялык абалга келип жергиликтүү тургундарга жана ошол көпүрөдөн өтүп мектепке барган окуучулардын өмүрүнө кооптуу болгонуна байланыштуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен смета долбоорунунда көрсөтүлгөн акча каржатын карап берүү жөнүндөгү Кызыл-Кыя айылынын тургундары жана айылдык кеңештин депутаты Б. Саттаровдун карылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын  кезексиз  XXVI - сессиясы 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 Кызыл-Кыя айылынын тургундары жана Б. Саттаровдун кайрылуусу эске алынсын.

  1. Кызыл-Кыя айылындагы Майлуу-Суу дарыясынын үстүнөн өткөн көпүрөавариялык абалга келип жергиликтүүтургундарга жана ошол көпүрөдөн өткөн мектепке барган окуучуларга кооптуу абалда болгонуна байланыштуу даярдалып жаткан смета долбоорунун негизинде керектелген акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралсын.

 Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жана бөлүнгөн акча каражатын натыйжалуу пайдаланууну көзөмөлдөө жагы  айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин. 

  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын. 
  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.

 Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:                                    А. Кубатбеков