17-ноябрь шайлоо: Аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 2024-жылдын 6-ноябрына чейин узартылды.
17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында Борбордук шайлоо комиссиясы арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн 6-ноябрга чейин (5-ноябрды кошуп алганда) узартты. Бул жарандарыбыздын аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн максималдуу пайдалануу үчүн кылынган аракет.
Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустук борборлорунда аралыктан добуш берүү үчүн арыздар кабыл алынып жатат. Бул үчүн атайын уюштурулган пункттарда, жети ЦОНдо, 10 ЖОЖдо жана 10 шайлоо участокторунда атайын кызматкерлер ачык түстөгү жилеттерди кийип, жарандарга арыз берүү боюнча квалификациялуу жардам көрсөтүшөт. Ар кандай аймактардан алынган сүрөттөр жарандардын активдүүлүгүн жана адистердин профессионалдык ишин көрсөтүп турат.
Аралыктан добуш берүү үчүн арыз берүү процесси жөнөкөй жана ыңгайлуу. Катталуу үчүн 6-ноябрга чейин tizme.gov.kg сайтына кирип, «Шайлоочунун кабинети» кызматынан пайдаланып арыз беришиңиз керек. Аралыктан добуш берүү жол-жоболору анкета толтуруу жана арызды ырастоодон турат.
Аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматтар массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу таратылууда. БШК КР жарандарды узартылган арыз берүү мөөнөтүн пайдаланып, 6-ноябрга чейин бардык жеткиликтүү ыкмалар аркылуу арыз берүүгө чакырат.
Баардык суроолор боюнча 1255, 0550 350 650 (WhatsApp) телефондоруна кайрылыңыздар
Арыздарды кабыл алуу Жалал-Абад облусундагы пункттарынын даректери:
ЖАЛАЛ АБАД, Б.Осмонов атындагы мамлекеттик университетинин имараты, Т.Байзаков көч. №25 |
ЖАЛАЛ АБАД, К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети, Спутник к/ш Тарсус көчөсү №1а |
ЖАЛАЛ АБАД, Калкты тейлөө борбору: Барпы Алыкулов көч.№1 |