“Жаңы-Арык” СПА нын бюджетинин 2023-жыл ичи аткарылышы жөнүндө
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII – чакырылышынын кезектеги XXV – сессиясынын
Жаңы-Арык айылы № 3 ТОКТОМУ 2-февраль 2024-жыл
“Жаңы-Арык” СПА нын бюджетинин 2023-жыл ичи аткарылышы жөнүндө
“Жаңы-Арык” СПА нын жетекчиси М. Ахмедовдун ишкананын бюджетинин 2023-жыл ичи аткарылышы жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги XXV – сессиясынын
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- “Жаңы-Арык” СПА нын бюджетинин 2023-жыл ичи аткарылышы жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
- Жергиликтүү калкка эгиндерин сугарууда агын суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тиешелүү иш чараларды көрүү, өндүрүлбөй калган өндүрүмдөрдү толук кандуу өндүрүү жана жаз мезгилине карата аймактардагы арыктарды, чон арыктарды тазалоо СПА нын жетекчиси М. Ахмедовго жүктөлсүн.
- СПА нын аймагындагы арыктарды тазалоодо жыл сайын керектелип жаткан техниканын муктаждыгына байланыштуу тиешелүү жогорку органдарга кайрылуу менен долбоор жазып бей өкмөт уюмдардан проект менен техника алуу боюнча иш аракеттерди жасоо колго алынсын.
- “Жаңы-Арык” СПА нын 2023-жыл ичи аткарган иштери жогорудагы сунуштарды эске алуу менен канааттандыраарлык деп табылсын.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков