“Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичи аткарган иштери жөнүндө
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
Жаңы-Арык айылы № 4 ТОКТОМУ 2-февраль 2024-жыл
“Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичи аткарган иштери жөнүндө
“Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын 2022-жыл ичи аткарган иштери жөнүндөгү “Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын убактылуу милдетин аткаруучусу М.Ахмедованын маалыматын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- “Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичи аткарган иштери жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2.“Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын убактылуу милдетин аткаруучусу М.Ахмедованын 2023-жыл ичи жүргүзгөн иштери боюнча тазалык ишканасынын бюджетин жогорулатуу жана өнүгүү максатында төмөнкү жумуштардын мыйзамдуу уюштурулушу жана кемчилдиктерин калыбына келтирүүсү белгиленсин.
- аймактагы жергиликтүү калкка, коммерциялык ишканаларга таштандыларын чыгаруудагы төлөмдөр жана түзүлгөн график боюнча жыйындарды уюштуруу менен жеткиликтүү денгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
- ишкана тарабынан таштандыларды чыгаруу боюнча түзүлгөн графикти ар бир көчөгө так маалымдоо
-ишкананын бюджетин жогорулатуу боюнча тиешелүү иш аракеттерди толук кандуу жүргүзүү
3.Жогорудагы сын пикирлерди эске алуу менен “Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын убактылуу милдетин аткаруучусу М.Ахмедованын 2023-жыл ичи аткарган иштери жөнүндөгү маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков