“Ношкен, Кыпчак-Талаа жана Жаңы-Арык айылынын тургундарынын ден-соолугунун муктаждыгына жана жашоо турмушунун начардыгына  байланыштуу жазган кайрылууларын кароо жөнүндө” 

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII чакырылышынын  кезектеги XX сессиясы 

  Жаңы-Арык айылы                    9 ТОКТОМУ                    28  -август  2023-жыл 

“Ношкен, Кыпчак-Талаа жана Жаңы-Арык айылынын тургундарынын ден-соолугунун муктаждыгына жана жашоо турмушунун начардыгына  байланыштуу жазган кайрылууларын кароо жөнүндө” 

Ношкен айылынын тургуну С.Таштемировтун, Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Г.Усенованын, Жаңы-Арык айылынын тургундары Акылбек уулу Аргендин ден-соолугунун муктаждыгына жана жашоо турмушунун начарадыгын байланыштуу жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги  XX – сессиясы 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т: 

  1. Ношкен айылынын тургуну С.Таштемировтун, Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Г.Усенованын, Жаңы-Арык айылынын тургундары Акылбек уулу Аргендин ден-соолугунун муктаждыгына жана жашоо турмушунун начарадыгын байланыштуу жазган кайрылууларыэске алынсын. 
  1. Үй шарты оор болуп дарылануу үчүн муктаж болгон айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын тургуну А. Акылбек уулуна 15 000 (он беш миң) сом, Ношкен айылынын тургуну С.Таштемировго Бүргөндү айыл өкмөтү Ш. Алыкуловдун сунушу менен өздүк фондунан мыйзам чегинде материалдык жардам 14 000 (он төрт миң) сом каржылансын, Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Г. Усеновага айыл өкмөттүн бюджетинен мыйзам чегинде материалдык жардам  жергиликтүү бюджеттин эсебинен 15 000 (он беш миң) сом ажыратылып берилсин. 
  1. Жогоруда каралган акча каражаттары менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Осмоновго милдеттендирилсин. 
  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын. 
  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.

 Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы                           А.К.Кубатбеков