“Бүргөндү, Кокондук, Кичи-Бүргөндү, Ууру-Жар, Жаңы-Арык айылдарынын жана Борсолдой көчөсүнүн тургундарынын ден-соолугунун муктаждыгына байланыштуу жазган кайрылууларын кароо жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII – чакырылышынын кезектеги XXVI – сессиясынын
Жаңы-Арык айылы № 5 Т О К Т О М У 7-февраль 2024-жыл
“Бүргөндү, Кокондук, Кичи-Бүргөндү, Ууру-Жар, Жаңы-Арык айылдарынын жана Борсолдой көчөсүнүн тургундарынын ден-соолугунун муктаждыгына байланыштуу жазган кайрылууларын кароо жөнүндө”
Бүргөндү айылынын тургуну А.Эгембердиевдин, Кокондук айылынын тургуну Ж. Муминованын, Кичи-Бүргөндү айылынын тургундары Ж. Кошоеванын жана К. Паязовдун, Ууру-Жар айылынын тургуну М. Абдалованын, Жаңы-Арык айылынын тургуну Г.Матиеванын жана Борсолдой көчөсүнүн тургуну А. Базарбай кызынын ден-соолугунун муктаждыгына байланыштуу жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги XXVI – сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Бүргөндү айылынын тургуну А.Эгембердиевдин, Кокондук айылынын тургуну Ж. Муминованын, Кичи-Бүргөндү айылынын тургундары Ж. Кошоеванын жана К. Паязовдун, Ууру-Жар айылынын тургуну М. Абдалованын, Жаңы-Арык айылынын тургуну Г.Матиеванын жана Борсолдой көчөсүнүн тургуну А. Базарбай кызынын ден-соолугунун муктаждыгына байланыштуу жазган кайрылуулары эске алынсын.
- Үй шарты оор болуп дарылануу үчүн муктаж болгон айыл өкмөтүнүн Бүргөндү айылынын тургуну А.Эгембердиевге 30 000 (отуз миң) сом, Кокондук айылынын тургуну Ж. Муминовага 10 000 (он миң) сом, Кичи-Бүргөндү айылынын тургундары Ж. Кошоевага 30 000 (отуз миң) сом жана К. Паязовго 10 000 (он миң) сом, Ууру-Жар айылынын ттургуну М. Абдаловага 10 000 (он миң) сом, Жаңы-Арык айылынын тургуну Г. Матиевага 30 000 (отуз миң) сом жана Борсолдой көчөсүнүн тургуну А. Базарбай кызына 25 000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаттары жардам иретинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
- Жогоруда каралган акча каражаттары менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Осмоновго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков