“Чарбак көчөсүнүнү тургундарынын жана А. Жороев Чарбак көчөсүнүн ички жолуна шагыл төшөө жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясынын
Жаңы-Арык айылы № 10 Т О К Т О М У 7-февраль 2024-жыл
“Чарбак көчөсүнүнү тургундарынын жана А. Жороев Чарбак көчөсүнүн ички жолуна шагыл төшөө жөнүндө”
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чарбак көчөсүнүн тургундарынын айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан коюлган талапка ылайык башкача айтканда көчөлөрдү архитектуралык нормаларда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык кеңейтип, жолдорду сүрдүрүп, куурларды коюп жергиликтүү калктын эсебинен тиешелүү жумуштар аткарылып шагыл төгүп берүү жөнүндөгү айыл тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Чарбак көчөсүнүн тургундарынын ички көчөлөргө шагыл төгүп берүү жөнүндөгү жазган кайрылуусу эске алынсын.
- Бүргөндү айыл аймагындагы Чарбак көчөсү ички көчөсүн ирээттөөдө коюлган талаптардын аткарылгандыгын текшерүү менен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты шагыл төгүү үчүн каралсын.
- Коюлган талапка ылайык даярдалган көчөлөрдү жергиликтүү депутаттардын катышуусунда тактоо жана ички жолдоруна шагыл төгүү боюнча тиешелүү иш аракеттерди көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков