Базар-Коргондо 1 кг ак алтын 65 сомдон бааланууда

Базар-Коргондо 1 кг ак алтын 65 сомдон бааланууда

Мындай маалыматты райондук айыл чарба депортаментинен билдирди. Алардын айтымында ушул тапта дыйкандардын дээрлик 80-85%ы пахтанын биринчи теримин жыйнап алышкан.


Райондогу 10 миң тонна буланы сактоого ылайыкташкан «Кобил-Ата» пахта заводун
на ушул тапта 1000 тоннага жетпеген була келген. Анын себебин заводдун башчысынын орун басары Шарипбек Табалдиев былтыр баа төмөн болуп, дыйкандар аз аянтка пахта айдаганына байланыштырууда.
«
Завод 5-сентябрдан бери пахтаны кабыл алып жатат. Жалпы сыйымдуулугу 10 миң тонна булага ылайыкташкан заводдо азыр 1000 тоннага жетпеген пахта турат. Себеби быйыл райондо пахта өсүмдүгү аз эгилди. Азыр заводдо 30дай жумушчу иштеп жатат, башка жылдары буланы көп кабыл алганда 60тай киши иш менен камсыз болчу. Азырынча 1 кг пахтаны 65-66 сомдон сатып алуудабыз»,-дейт Шарипбек Табалдиев.
Базар-Коргон райондук айыл чарба департаментинен билдиргендей быйылкы жылы 2300 гектардан ашык аянтка пахта эгилген.
Бүгүнкү күнү район аймагында була кабыл алган 5 завод ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

"Акыйкат"